Облус аймагында он бир ай ичинде жол кырсыгы былтыркыдан 21 пайызга көп катталган. Жыл ичинде 664 автокырсыктын айынан 188 адам каза болуп, 1116 адам жаракат алган. Жол кырсыгына кабылган балдардын жаракат алуусу 33 пайызга көп. Аны азайтуу үчүн Бишкек-Ош жолунун Базар-Коргон, Ноокен райондорундагы бөлүктөрүндө атайын рейд жүргүзүлүп, 861 автоунаа текшерилгенде, үч айдоочунун ичимдик ичкени маалым болду.
Кырсыктын көбөйүүсүнө жол эрежелерин сактабоо, автоунаалардын бузуктугу, айдоочулардын этиятсыздыгы жана узак жолдо чарчап калуусу себеп болууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. (YA)