Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:05

Сербия Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрдү баштайт


Сербия Евробиримдикке мүчө болуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү кийинки жылдын январынан тарта баштайт. Бул тууралуу Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Штефан Фүле Твиттердеги өз баракчасына жазып чыкты. Ага ылайык, Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Сербиянын аймактагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча реформаларын канааттандыраарлык деп тапты. Эми сүйлөшүүлөр 21-январдан тарта башталышы керек.

Ушул жылдын июнь айында Евробиримдик Сербияны мүчөлүккө алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого макул болгон. Биримдик Сербияга мүчөлүк алыш үчүн негизги талабы катары “Косово менен мамилесин оңдоону” атаган эле. Бирок өткөн аптада Косовонун түндүк тарабынын макамын аныктоо талкуу жаратып, Евробиримдик менен сүйлөшүүлөр кечеңдеши мүмкүн экени айтылып жаткан.

XS
SM
MD
LG