Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:48

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү уланат


Бүгүн Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча бул өлкөнүн жана дүйнөлүк 6 державанын эксперттери ортосундагы талкуу уланат. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштондун маалымат катчысы билдиргендей, сүйлөшүүлөр эртеңкиге чейин созулат. Анда өткөн айда Женевада кабыл алынган өзөктүк программа боюнча келишимди аткаруунун жол-жобосу талкууланууда. Аталган келишимге ылайык, Батыш өлкөлөрү Иранга экономикалык санкциясын жеңилдетип, Тегеран болсо ядролук программасын убактылуу кыскартууга тийиш. (BkA)

XS
SM
MD
LG