Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Мурсинин үстүнөн түрмөдөгү тополоң боюнча да сот болот


Мухаммед Мурси жана башка 132 адам “Мусулман агайыңдар” кыймылынын мүчөлөрүнүн 2011-жылы түрмөдөн качышы боюнча сот жообуна тартылышарын Египеттин маалымат каражаттары билдирүүдө. Алар бул кабарды прокуратурадагы булактардан алышкан. “Мусулман агайыңдар” кыймылынын жактоочулары түрмөдөн мурдагы президент Хосни Мубаракка каршы козголоң учурунда качып кетишкен эле.

Бийликтен быйыл июлда армия тарабынан кулатылган Мурсинин мойнунда мындан башка да эки сот иши бар. Кылмыш иштеринин бири боюнча ал терроризмди колдоп, чет элдик уюмдар менен кутумга барып, өлкөнүн улуттук коопсуздугуна зыян келтирген деп айыпталууда.

Экинчи кылмыш иши боюнча ал президент кезинде оппозиция активисттеринин өлүмүнө шыкакчы болгон деп күнөөлөнүп жатат. Бул иш боюнча сот келерки жылдын 8-январында улантылмакчы. (UE)

XS
SM
MD
LG