Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:18

Кумтөр боюнча парламенттик угууга өкмөт катышкан жок


Бүгүн парламентте Кумтөр маселеси боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Аны Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети уюштуруууда. Жыйынга өкмөт жетекчилиги чакырылганы менен эч кимиси келбегенин комитет төрагасы Эркинбек Алымбеков билдирди. Аталган комитет буга чейин да Кумтөргө байланыштуу талкууларды уюштуруп, өкмөт сунуштап жаткан вариантка каршы экенин билдирип келген.

Кечээ кыргыз өкмөтү парламентке Кумтөрдөгү үлүштүн 50/50 боюнча долбоорун жөнөткөн.

Кумтөрдүн алтынын казып алуудан түшкөн пайданы канадалык инвестор "Центерра" компаниясы менен теңме-тең бөлүшүү меморандумунун долбоорун өкмөт парламентке буга чейин да сунуштаган. Бирок Жогорку Кеңеш муну колдобой, Кыргызстандын үлүшү 67%дан кем болбосун деген талап койгон. (ZB/RK)
XS
SM
MD
LG