Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Ош: Шаардык кеңеште жаңы коалиция түзүлдү


Бул ирет жаңы башкаруучу коалицияга “Ата Мекен”, КСДП, “Республика”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Замандаш” партиялары биригип, 23 депутат менен кирди. Ал эми оппозициялык блокто “Улуттар биримдиги” жана КЭДП (НДПК) партиялары 22 депутат менен калды.

Мунун баары шаардык кеңештин 13-сессиясында белгилүү болду. Буга чейин шаардык кеңештин көпчүлүгү мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду колдоп келишкен эле. Эми жаңы коалициянын түзүлүшү менен Оштун жаңы шаар башчысын шайлоонун оюндары өзгөрөт.

Жаңы түзүлгөн коалиция жаңы шаар башчыны шайлаганда бирдей добуш береби деген суроо али ачык бойдон калып жатат.

9 айдын жыйынтыгын чыгаруу сессиясы башталбай атып эле, карама-каршы пикирлер жаралды. КСДПнын депутаты Каныбек Исаков Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин угузуп, “Замандаш” партиясынын депутатын сессиядан чыгып кетүүсүн талап кылды:

- Мыйзам жакшыбы-жаманбы биз аны аткарышыбыз керек. Мына, биздин колубузда 2013-жылдын 20-декабрындагы Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү жөнүндөгү Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому бар. Ошонун негизинде Ош шаардык кеңешинин депутаты Жолдошев Нурадил Калбаевичтин күбөлүгү бул токтом жарык көргөн күндөн баштап жараксыз деп табылсын. “Замандаш-Современник” саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Мамбетов Камчыбек Айтматович шаардык кеңештин депутаты болуп табылсын деген кагаз биздин колубузда. Ошон үчүн биздин мурдагы депутатыбыз Жолдошевдин сессияда катышып отурушун мыйзамсыз деп эсептейбиз.

Шаардык кеңештин төрагасы Таалайбек Сабиров болсо, ага БШКдан расмий документ келбегенин айтып, депутат Жолдошевди чыгарууга макул болгон жок:

- Биринчиден, бизге эч кандай билдирүү келген жок. БШКдан келген бир дагы мындай буйрук бизде каттоого алынган эмес. Алар бизге расмий кайрылуу кылышы керек. Алардын сайтына, интернетке чыккан буйругу боюнча ишти алып барганыбыз туура эмес. Экинчиден, биз азыр депутат Нурадил Жолдошевдин мандатын алып салуу боюнча токтомду кабыл ала элекпиз.

Бирок депутаттар ушул маселенин өзүн эле 2 саатча талкуулашты. “Улуттар биримдиги” партиясынын депутаты Рустам Мирзаматов да депутат Нурадил Жолдошевдин мандатын алып, чыгарып жиберүү мыйзамсыз экенин айтып жатты:

- Шайлоо комиссиясы жаңы кабыл алынган "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамдын 24-беренесинин 2-бөлүмүнүн 10-пунктуна таянып, ушундай чечим кабыл алышкан. Бирок ушул эле мыйзамдын 10-пунктунда жазылып турат: “Саясий партия депутатты чакыртып алган учурда тиешелүү фракциянын сунушу менен депутатты мандатынан ажыратууга мүмкүн”. Булар мыйзамга таянып атышат, бирок фракциянын сунушун эске албай жатышат. Бул жерде бир партиядан депутат болуп отургандан кийин фракциянын да укугуна ээ болушу керек. Кыскасы бул буйрук таптакыр мыйзамсыз болуп калган. Азыр Жолдошев БШКны сотко берди. Ошол соттун чечими бир жактуу болгондон кийин гана анын мандаты алынат.

Депутаттардын дагы бири Жапар Ормонов болсо маселенин баарын тартип коргоо органдарынын тастыктап беришин талап кылды:

- Азыр биз мурдагы мыйзам менен иштебей калганбыз. Жаңы мыйзамды эске алыңыздар. Баарын мыйзам чегинде кылалы. Бардык депутаттарга мандатты БШК берген. Жаңы мыйзамга ылайык, алар депутаттын мандатын партиянын сунушу менен чакыртып алып атышат. Эгер мындан күмөн санасак тартип коргоо органдарынан бирөө жарым келип, бул ишке комментарий берсин. Антпесек Нурадил Жолдошев бул жерде мыйзамсыз депутат отурган болот. Ал мыйзамсыз отурса демек, биздин кабыл алган чечимдерибиздин баары мыйзамсыз болуп калат.

Ушундан кийин прокуратура өкүлдөрү да чыгып, маселеге комментарий берди. Ош шаардык прокуратурасынын башчысы Атай Шакир уулу соттун чечими чыкканча БШКнын чечими күчүндө болорун эскертти. Бирок ошого карабай “Улуттар биримдиги”, “Замандаш” жана КЭДП партиялары мындай пикирге макул болбогондуктарын билдирип, залдан чыгып кетишти.

Мамбетов мандатын тапшырбасын айтты

Ал арада сессия калган эл өкүлдөрү “Замандаштын” мүчөсү Камчыбек Мамбетовду жаңы депутат катары тааныштырып жиберишти. Мамбетов өзү болсо мындай деди:

- Мен “Замандаш-Современник” партиясынын атынан бул жерге депутат болуп келдим. Колумда мандаты бар. Бул мандат жөндөн жөн берилбейт. БШКнын чечими, буйругу да мында турат. Ал интернеттен да, “Эркин-Тоо” гезитинен да чыкты. Мандатымды бир гана сот алууга укуктуу. Соттун чечими чыкса, мандатымды тапшырып берүүгө даярмын. Ага чейин мен бул сессияда да, башка маселелерде да толук кандуу депутат катары добуш бере алам. Мен аны ишенимдүү түрдө айтам.

Андан кийин эле азчылыкты түзгөн коалициянын өкүлдөрү “Замандаш” партиясынын жаңы депутатын кошуп, жаңы коалиция түзгөндүгүн жар салышты. “Республика” фракциясынын депутаты Арфидин Аланов:

- “Адилеттүү Кыргызстан”, “Ата Мекен”, “Замандаш-Современник”, КСДП жана “Республика партияларынын депутаттары жаңы коалиция түздүк. Коалициянын аты “Акыйкат жана ынтымак” деп аталат. 3-чакырылыштагы Ош шаардык кеңешинде көпчүлүктүн коалициясы түзүлгөндүгүн мен жарыялайм. Эми биз мыйзам чегинде иш кылабыз.

Шаар кеңеште жалпы 45 орун бар. Мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" партиясынын 21 депутаты, ЭДПКнын 1 өкүлү жана "Замандаштын" 1 депутаты буга чейин 23 болуп, башкаруучу көпчүлүктү түзүп келген. Анын катарындагы "Замандаштын" өкүлү Нурадил Жолдошов партиянын сунушунун негизинде БШКнын чечими менен мандатынан 20-декабрда ажырап калган. Ал өзү сессиядан чыгып кеткен боюнча кайра кирген жок. Бирок ал буга чейин Мырзакматовду колдоп келгени үчүн куугунтук жеп атканын айтып чыккан. Ошого карабай эми “Улуттар биримдиги” партиясы шаардык кеңеште азчылыкты түзүп калды.

Башкаруучулук миссияны колго алган коалицияда КСДПдан 11, “Республикадан” 8, “Ата-Мекенден” 1, “Адилеттүү Кыргызстандан” 2 жана "Замандаштан" 1 депутат бар. Жалпы 23.

“Адилеттүү Кыргызстан” фракциясынын лидери Абдувахаб Нурбаев буларга токтолду:

- Жаңы көпчүлүк коалиция түзүлөөрү менен анын келишимин шаардык кеңешке берип каттап, мыйзам түрүндө бекитип алдык. Эми биздин келишим мыйзам чегинде күчүнө кирди. Биз эми ошол коалициянын ичиндеги фракциялардын жетекчилери биригип туруп алдыда кадамдарыбызды талкуулап, кандай иштерди аткарабыз кеңешип аныктайбыз. Логикалык жактан алганда эми дароо эле шаардык кеңештин төрагасы алмашуусу керек болот. Төрагалыкка жаңы талапкерди, мэрликке жаңы талапкерди чогуу чечебиз, анан ошого карап иш алып барабыз.

Мэр шайлоодогу оюндар

Жергиликтүү серепчи Төлөгөн Келдибаев эми саясий кырдаал таптакыр башка нукта жүрүп, түрдүү окуялар орун алышы мүмкүндүгүн болжолдоду:

- “Замандаштын” депутат Нурадил Жолдошев ортодо чечүүчү роль болуп келгендиктен ал буга чейин оюн бала, же алтын бала болуп келген. Анын окуясы чечилди. Оппозиция менен башкаруучулар алмашып калды. Мындай алып караганда шаар мэрин дайындоодо жаңы башкаруучу коалиция утат деп алдын ала жыйынтык чыгарып койсок деле болот. Анткени алар 45 орундун 23үнө ээ болуп турат. Бирок ошол эле кезде Мелис Мырзакматов да жөн жатпайт. Ал азыр түрдүү жолдорду ойлонуп, ар кандай маселелерди пландап жатат. Ал балким шайлоого “Улуттар биримдигин” катыштырбай коюп, кворум жаратпай коюшу мүмкүн. Же ошол эле КСДП, “Республика” же дагы башка партиялардан депутаттарды сатып алат. Бул биринчи вариант. Башка бир вариант бар – Мырзакматов утулуп берет да, оппозицияда калып, элди көтөрүп, тополоң чыгарат.

“Улуттар биримдиги” жана “КЭДП” партиялары кирери менен сессия кайрадан уланып күн тартибиндеги маселелер каралды. Бирок шаардык кеңештин депутаттары мэриянын 9 айлык отчетун канааттандырарлык эмес деп тапты. Алар муну шаардагы мыйзамсыз башталган курулуштар, алардын жыйынтыгынын жоктугу жана айрым социалдык-экономикалык маселелердин аткарылбай калганы менен түшүндүрүштү. Сессияда мындан башка дагы 10 чакты маселелер каралды. Учурда калаа мэринин милдетин аткаруучу катары Алымжан Байгазаков иштеп атат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG