Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Кыргыз өкмөтү АКШ жаранынан 400 миң доллар өндүрүп алды


Кыргыз өкмөтүнүн өкүлү, эл аралык Winston & Strawn LL юридикалык компаниясы Торонтодогу Эл аралык арбитраждык сотунун чечимине ылайык, АКШ жараны Илья Левитистен кыргыз өкмөтүнө 400 миң доллар өндүрүлгөнүн Улуттук банкка маалымдаган.

Маалыматка ылайык аталган жаран Кыргызстандагы Азия Универсал банкынын мамлекеттин менчигине өткөрүлүшүнө байланыштуу Эл аралык арбитражга 2012-жылы март айында кайрылган. Ал арызында Кыргызстан менен АКШнын “чет өлкөлүк инвестицияларды биргелешип коргоо” тууралуу келишимине таянып, АУБдун өзүнө тиешелүү акцияларын мамлекет улутташтырып алганын, банктагы өзүнө тиешелүү векселдерин жана акчалай салымын менчиктеп алганын билдирип, кыргыз өкмөтүнөн компенсация төлөтүп берүүнү талап кылган. Компенсациянын так өлчөмү тууралуу айтылбайт, маалыматтар боюнча 7 миллиондон 15 млн. долларга чейин болушу ыктымал.

Кыргыз өкмөтү сотко өзүнүн жүйөлөрүн келтиргенден кийин, Левитис арызын кайтарып алган. Өкмөт болсо сотко чыгымдалган юридикалык чыгымдарды кайтарып берүүсүн талап кылып, Левитистин өзүн сотко берген. 19-декабрда Торонтодогу Эл аралык арбитраждык сот Левитистен Кыргызстандын пайдасына 404 720 доллар өндүрүү тууралуу чечим кабыл алган.

Азия Универсал банкынын айланасындагы соттошуу Михаил Наделдин кыргыз өкмөтүнөн “өзүнө тиешелүү акцияларды улутташтырып алганы үчүн” 400 млн. доллар талап кылган арызын кароо аягына чыга элек.

АУБду улутташтыруу боюнча Эл аралык арбитраждык иштерде кыргыз өкмөтүнүн өкүлү болуп Winston & Strawn LLP юридикалык компаниясы эсептелет. Ал эми адвокаттык топту Андрей Яковлев ишканасынын Лондогу өнөктөшү жана ошондой эле кыргызстандык “Сатаров, Аскаров жана өнөктөштөр” деп аталган юридикалык ишкана жетектейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG