Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Гүлнара Каримова жаңы видео клибин жарыялады


Өзбек президентинин туң кызы Гүлнара Каримова ушуну менен өзүнүн бешинчи музыкалык видеосун сунуштап отурат. “Дайыма жанымда бол” деген аталыштагы жаңы музыкалык чыгармасы жалпы күйөрмандарына арналат.

Видеодо да Гүлнаранын кайрымдуулук иш-чараларындагы сүрөттөрү чагылдырылган.

Музыкалык чөйрөдө Googoosha каймана аты менен чыгып жүргөн Каримова 2-январда өзүнүн YouTube каналында жана Твиттер аккаунтунда “бул мен көптөн күткөн белек” деп жазуу калтырган.

Гүлнара Каримова коомдук иштеринен башка Googoosha ысымы астында ыр, музыка жазат жана аткарат. Былтыр ал француз актеру Жерар Депардье менен чогуу “Асман тунжурайт” музыкалык видеосун сунуш эткен. (SA)

XS
SM
MD
LG