Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Нарында машине жардан учуп кетти


Нарын-Ийри-Суу жолунда ВАЗ 21-06 үлгүсүндөгү машине 99 метр бийик жардан учуп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов маалымдады.

Кырсык эки адамдын өмүрүн алып кетти, дагы эки киши жараат алды. Учурда алар Нарын облустук ооруканасында дарыланууда.

Соңку суткада Кыргызстандын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, бир киши көз жумду. Жайыл районуна караштуу Эриктуу айылынан 2,5 чакырым алыстыктагы кашар, турак үйдүн чатыры, үй эмеректери өрттөнүп кеткен. Өрттөн кийин кароолчунун күйгөн сөөгү табылган. (SA)

XS
SM
MD
LG