Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:43

Марс Жусупбековдун соту уланат


8-январда Бишкектеги №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбековдун үстүнөн сот жараяны уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жусупбеков өзү кабарлады.

Өткөн жылдын сентябрында Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов жана бир нече адамдын видеосу интернетте жарыяланган. Тасмада 5-6 адам манты жеп, бири-бирин Айт майрамы менен куттуктап жатканын, дагы бирөөнүн телефон менен сүйлөшкөнүн көрүүгө болот. Тасма 8-августта тартылганы белгиленет. Бул боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө абактын жетекчиси Марс Жусупбеков 29-ноябрда кызматтан четтетилип, камакка алынган. 23-декабрда соттун чечими менен “эч жакка кетпөө тууралуу” тил каттын негизинде үй камагына чыгарылган.

Жусупбеков тагылган айыпты четке кагып, абактагы Юсуповго мындай өзгөчө шарт Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин көрсөтмөсү менен түзүлгөнүн билдирүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG