Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:25

Атамбаев Рождество майрамы менен куттуктады


Ыйсанын туулган күнү майрамы учурундагы сыйынуу. Сокулук кыштагы, Кыргызстан. 06.01.2013.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тарса тургундарын Рождество (Ыйсанын туулган күнү) майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчынын куттуктоосунда Рождество жаңылануу менен айкөлдүктүн майрамы катары бааланат жана Кыргызстан биримдиктин өлкөсү экендиги айтылат.

Ыйсанын туулган күнү майрамы Кыргызстанда 7-январда расмий белгиленет. Аны негизинен православ христиандар (ортодоксалдык христиан агымынын өкүлдөрү) тосушат. Бул динди өлкө тургундарынын он пайыздан ашууну карманат. (SE)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG