Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Украина президенти диалогго жана мунасага чакырды


Нааразылык акциясына чыккандар менен полициясынын кагылышуусунан кийин Украинанын президенти Виктор Янукович диалог жана мунаса табууга чакырды:

- Киевдин тургундарына жана нааразылык акциясына чыккандарга кайрылам, зомбулукка чакыргандарга жана мамлекет менен коомдун ортосунда араздашууну жаратууга, украин калкын массалык башаламандыкка түртүүнү каалагандарга кошулбаңыздар.

Өлкөнүн башкы прокурору Виктор Пшонка массалык башаламандык “мамлекеттүүлүккө каршы кылмыш” катары саналарын эскертти. Киевде кагылышуулар жекшемби күнү башталып, дүйшөмбү да уланды. Анда 200дөн ашуун киши жабыркады. Кырдаал бийлик тарабынан нааразылык акцияларын өткөрүүнү татаалданткан мыйзамдар кабыл алынгандан кийин курчуп кеткен.

XS
SM
MD
LG