Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Ош мэри жаңы кадрларды алып келеби?


Оштун жаңы мэри Айтмамат Кадырбаев
Оштун жаңы мэри Айтмамат Кадырбаев

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев журналисттерге маалымат берип жатып, кадрдык өзгөрүүлөр болбой турганын, мурдагы мэрдин жасаган жакшы иштери улантыларын кошумчалады. Бирок байкоочулар вице-мэрлик, бөлүм башчылык жана башка кызматтардын тагдыры мурда эле чечилип калганын белгилешүүдө.

Айтмамат Кадырбаев эл алдында күбөлүк алып, креслого бир сыйра отургандан кийин журналисттерге атайын маек курду. Ал ишин алгач шаардагы таза суу, жылуулук жана жарыктандыруу маселелери менен баштай турганын жар салды.

Шаардагы асма көпүрө боюнча журналисттердин берген суроосуна Кадырбаев мындай деп жооп узатты:

- Көпүрө боюнча жеринде сүйлөшүп, анын долбоору кандай болгонун билишим керек. Анан адистер менен кеңешип, бир нерсе айта алам. Мен буга чейин Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушу башталганын кадимки шаардын тургуну катары гана билчүмүн. Ошол себептүү, аны көрүп туруп анан ушул маселеге кайрылсак жакшы болот эле. Экс-мэр боюнча айтасам, ал киши шаарда бир топ иштерди жасады. Жакшы иштер да, кемчиликтер да болду. Экс-мэрдин баштаган жакшы иштери болсо, аны албетте улантабыз.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында айтылган, “Айтмамат Кадырбаев соттолгон” деген кептерди ал четке какты:

- Чындыгында менин үстүмдөн кылмыш иши ачылган. Аны мен жокко чыгарбайм. Толугураак маалыматты тиешелүү органдардан алсаңыздар болот. Бирок мен соттолгон эмесмин, акталып чыккам. Учурда мындан башка деле шаарда ар кандай сөздөр айтылып жатыптыр. Убактылуу, күзгө чейин эле мэрлик орунда отурат имиш дегендей. Мени биринчи кезекте ушу шаардын калкы тандаган эл өкүлдөрү шайлады. Анан мыйзам боюнча мэрлик кызматтын өзүнүн мөөнөтү бар. Мен ошо мөөнөтүм бүткүчө иштөөгө аракет кылам. Калганын Алла Таалам көргөзөт.

Шаар жетекчиси Кадырбаев кызматка отурары менен кадрдык өзгөртүүлөрдөн да оолак болорун билдирди:

- Мурдагы мэрдин тушунда иштегендерден бүгүнкү күнгө чейин 11 адам өзүнүн ыктыяры менен арыз жазып кетиптир. Мен аларды көргөн да, сүйлөшкөн да жокмун. Бул ар бир адамдын өзүнүн укугу. Эгерде бул жерде иштей берем деген болсо, эл үчүн, шаар үчүн күйсө, өзүнө коюлган милдетин так аткарса мен баары менен эле иштеше берем. Бул меники, бул тигинин кадры, бул ак, бул кара деген бөлүп-жаруу болбойт.

Эстакадалык көпүрөнүн курулушу үчүн өткөн марафон. Ош, 14-ноябрь, 2013-жыл
Эстакадалык көпүрөнүн курулушу үчүн өткөн марафон. Ош, 14-ноябрь, 2013-жыл
Бирок ошол эле кезде серепчилер жаңы мэрдин келиши менен мэрияда жана башка муниципалдык кызматтарда олуттуу кадрдык өзгөрүүлөр орун аларын белгилешүүдө. Байкоочу Айбек Таалайбек уулу, кызмат орундары мэрлик шайлоого чейин эле чечилгенин айтат:

- Бул жердеги кызмат орундардын тагдыры мурда эле чечилген. Азыркы мэрди шайлаган 26 депутаттын ар бири, жок дегенде тууганын, досун, таанышын, болбосо партиялашын бир жерге кызматка алып келет. Баары кур калбайт, анткени соодалашуу жүргөн. Мэриянын бөлүмдөрү, вице-мэрлер, шаардагы башка ишкана-мекемелердин жетекчилери акырындап алмашат. Маселен, азыр эле “Республика” партиясынан Арфидин Аланов вице-мэр болот, Аалы Карашев тарабынан сунушталган Алайдын мурдагы акими Алмаз Осмонов да бир вице-мэрлик орунду алат деп атышат. Мындан сырткары, азыркы облустук аппараттагы Сооронбай Жээнбековдун командасынан да шаар мэриясына келчүлөр бар деген маалыматтар чыгууда.

Дагы бир жергеликтүү серепчи Руслан Ташанов мэр кандай кадамга барбасын жоопкерчиликтүү милдетти моюнуна алганын, аны сөзсүз чечүүсү керектигин айтты:

- Жаңы мэр биринчи кезекте Ош шаарынын өзөктүү маселелерине көңүл бурушу кажет. Ал улут аралык мамилени чыңдап, шаардагы автотыгынды азайта алабы өңдүү суроолор элди кызыктырууда. Шаарда калктын саны өсүп атат, анын натыйжасында жаңы түшкөн конуштардын инфраструктуралык абалы да мэрдин көңүлүн бурушу зарыл. Мындан сырткары мэр азыркы курулушу башталган чоң көпүрө уланабы же жокпу, ал качан бүтөт, базар которулабы же жокпу, ушул маселелердин үстүнөн өтө катуу иштеши керек. Ошондо гана кайсы бир деңгээлде элдин колдоосуна ээ боло алышы мүмкүн.

Руслан Ташанов "жаңы мэр өзүнө чейин бул кызматты аркалагандардан артыкча иштегенде гана шаар элинин колдоосуна татыйт” деп кошумчалады:

- Буга чейинки шаардын мэри инфраструктуралык маселелер боюнча бир топ ийгиликке жетишкен. Анын ичинде ошол эле жаңы жолдордун ачылышы, бир топ курулуштар. Бирок ошондо деле көйгөй толтура. Демек, Мелис Мырзакматовдун алдында кандай оор тапшырмалар турган болсо, Айтмамат Кадырбаевдин алдында да ошондой эле оор, татаал маселелер бар. Азыркы мэрди эл Мырзакматовдон ашып түшөбү же андан калабы деп карап турган кези. Бул кызмат Кадырбаевдин келечектеги саясий карьерасы үчүн чоң сыноо.

Ош шаарынын мэрлигине шайлоо 15-январда болуп, ага эки талапкер: мурдагы мэр Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев катышкан. Натыйжада, Ош шаар кеңешинин шайлоого катышкан 45 депутатынын 25и Кадырбаевге добуш берген.

Ош мэри: Жакшы иштерди улантабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:21 0:00
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG