Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Пакистандагы жардырууда алты киши набыт болду


Коопсуздук күчтөрү Пешаварда жардыруу болгон жерди иликтеп жатышат, 23-январь, 2014
Коопсуздук күчтөрү Пешаварда жардыруу болгон жерди иликтеп жатышат, 23-январь, 2014
Өлкөнүн түндүк-батышында полиция кабарлагандай, Пешавар шаарында дүрмөттөлгөн машине жарылып, андан алты киши мүрт кеткен, жетөө жаракат алды. Окуя машине оңдоочу дүкөндө болгону кабарланды. Полиция азырынча ал дүкөн атайлап жардырылганбы же бомба мөөнөтүнөн мурда жарылып кеткенби деген суроого жооп таба элек. Буга ким жооптуу экени да белгисиз.

Пешавар – акыркы 10 жылда исламчыл козголоңчулардын далай чабуулдарын көргөн пакистан-ооганстан чек арасындагы Хайбер Пахтункхва регионунун баш калаасы.

XS
SM
MD
LG