Бириккен улуттар уюмунун жана Араб лигасынын Сирия боюнча элчиси Лахдар Брахими бейшемби күнү Сирия бийлиги жана оппозициянын өкүлдөрү менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөр өткөрдү. Бирок анын деталдары боюнча маалымат берген жок. Бүгүн Сирия өкмөтү менен оппозициянын өкүлдөрү көзмө-көз сүйлөшүүгө отурууга тийиш. Бирок эки тарап эки ача пикирде кала берүүдө. Оппозиция өткөөл мезгилдеги өкмөттө президент Башар Асадга орун болбош керек десе, өкмөттүн өкүлү аны кескин четке кагууда. (AiT)