Талас шаарынын таза суу системасы жакшыртылат. Бул тууралуу бүгүн Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан кабарлашты. Бул үчүн аталган банк 2 миллион евро бергени жатат. Таластын калкы бүгүнкү күндө 45 миң кишини түзөт. Совет доорунан бери жаңыланбаган таза суу системасынын эсчкилиги жетип, учурда шаар тургундары үчүн көйгөй жаратууда. (RK)