Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы чыр чыккан аймакка барат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сатыбалдиев 11-январда кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон аймакты кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугат. Мындан тышкары Баткен облусунун 2013-жылды жыйынтыктаган коллегиясына да катышат.
Эки апта мурун Баткен районунун Тажикстан менен чектеш аймагында эки өлкө чек арачылары ок атышып, 9 киши жабыркаган. Ошондон бери кыргыз-тажик чек арасы жабык турат. Аскерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. (JsA)