Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Корей согушунда бөлүнгөн үй-бүлөлөр жолугат


Түндүк жана Түштүк Корея 1950-жылдардагы корей согушунда бөлүнгөн үй-бүлөлөрдүн биригүүсүнө макул болду.

Шаршемби күнү (5-февраль) жетишилген макулдашууга ылайык, согушта бөлүнгөн үй-бүлөлөр 20-февралдан тарта бир жума бою коммунисттик Кореянын Кымгансан тоосундагы курортто кездеше алат. Түндүк жана Түштүк Корея былтыр сентябрда да ушундай жолугушуу өткөрөлү деп макулдашкан. Бирок Пхеньян Түштүк Кореяны “душмандык кылууда” деп айыптап, уруш бөлгөн корейлердин жолугушуусу болбой калган.

Февралдын аягында Түштүк Кореянын жана АКШнын аскерлери жыл сайын болчу биргелешкен аскерий машыгуусун өткөрөт. Пхеньян бул аскердик машыгуу ортодогу мамилеге зыянын тийгизет деп эскертти.

XS
SM
MD
LG