Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Бүгүн Сочиде Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышы болот


Салтанат Бишкек убактысы боюнча саат кечки ондон 14 мүнөт өткөндө башталат. Маалымдалганга караганда, майрамдык аземге 3000 ырчы-бийчи катышат. Олимпиада гимнин атактуу опера ырчысы Анна Нетребко ырдайт.

Баш байгелерди АКШ, Норвегия, Германиянын спортсмендери утат деп мерчемделүүдө. Путин 6-февралда орусиялык олимпиадачыларга кездешип, элдин баары алардын жеңишине ишенгенин айтты.

Кечээ көркөм муз тебүүчүлөр кыска программада мелдешти. Эркектер арасындагы жеке мелдеште жапониялык Юздру Ханю биринчи, орусиялык Евгений Плющенко экинчи болду. Аял-эркек болуп, жуп тебүүдө орусиялыктар Татьяна Волосожар жана Максим Траньков астыга чыкты. Жалпы командалык эсепте Орусиянын командасы 19 упай, Канаданын командасы 17, Кытайдыкы 15 упай менен алдыда баратат. АКШнын азырынча 10 гана упайы бар.

Бүгүн эч кандай мелдеш болбойт.

XS
SM
MD
LG