Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

"Кыргызстанда даярдалган" энбелгиси корголот


“Кыргызстанда даярдалган” энбелгиси менен сырттан ташылып жаткан товарлар токтотулат. Бул тууралуу бүгүн КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин коллегиялык отурумунда сөз болгону кабарланууда. Жыйында ошондой эле мындай энбелги менен Кытайдан келип жаткан товарлар Кыргызстандын өндүрүшүн артка тартып жатканы тууралуу да айтылды. Министрлик “Кыргызстанда даярдалган” деген энбелги чет мамлекеттерден келип жаткан товарларды токтотуу боюнча өкмөттүн атайын токтому иштелип жатканын, анын үстүндө Экономика министрлигинин, Бажы кызматынын жана Соода-өнөр жай палатасынын адистери иштеп жатышканын кабарлоодо.

Кытайдан “Кыргызстанда тигилген” деген энбелги менен келип, Орусия, Казакстандын базарларына чыгып жаткан товарлардын көбөйүүсүнөн улам Кыргызстандын өнөр жайы, анын ичинде тигүү тармагы кыйла аксап жатканын тигүүчүлөр айтып чыгышкан. Маалыматтар боюнча учурда мындай мыйзамсыз товарлар “Кыргызстанда тигилген” деген энбелги менен сатылып жаткан товарлардын 30% түзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG