Украин оппозициясынын башчылары Арсений Яценюк жана Виталий Кличко Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Украинадагы саясий кризисти талкуулашты.
Кличко 17-февралда Берлинде болгон кездешүүдөн кийин Меркел айымды украин президенти Виктор Януковичке жана анын жакындарына санкция жарыялоого жана Украинадан тыш өлкөлөргө которулган акчаларды кылдат көзөмөлдөөгө үндөдү. Сүйлөшүү жөнүндө: “Мен талкуунун багытына аябай ыраазымын. Натыйжада, Украинадагы саясий кризисти чечүүдө дагы колдоо болот деп үмүттөнөм. Буга бардык партиялар кызыкдар. Алар Украинанын саясий жана экономикалык жактан стабилдүү өлкө болуусун каалашат”, - деди Виталий Кличко.
Яценюктын билдиришинче, Евробиримдик Украин өкмөтүнө Эл аралык валюта фонду жана Евробиримдиктин институттары аркылуу финансылык жардамды кеңейтүүгө даяр.