Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:23

Сочи: Тимофеев мелдештин биринчи турунан өттү


Эркектердин гигант слалом мелдешинде кыргызстандык Евгений Тимофеев биринчи жарышка катышты. Ал 109 спортчунун ичинен марага 1 мүнөт 34,65 секундда келип, 68-орунда. Бул тууралуу Сочи олимпиадасынын сайты кабарлайт. Экинчи мелдеш Бишкек убактысы боюнча 16:30да башталат. Ага биринчи айлампадан ийгиликтүү өткөн 79 спортчу катышат.

Машыгуу мезгилинде тизесин сындырып алган Дмитрий Трелевский Москвадан дарылана тургандыгы кабарланды.

Сочиде бүгүн сегиз медал топтомдору боюнча мелдештер өтүүдө. Кышкы Олимпиа оюндарынын 12-күнүндө аялдардын боб-чанасы, түздүктө лыжа тебүү боюнча командалык спринт, сноуборддон папалел гигант слалом, биатлон, аялдардын 5 миң метрлик ылдамдыкта конки тебүүсү боюнча оюндар өтөт. (JCh/SE)

XS
SM
MD
LG