Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Иран өзөктүк курал боюнча милдеттенмелерин аткарууда


Иран байытылган уран сакталган запастарын азайтты жана Арактагы талаштуу реакторду курууну кайра баштаган жок. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмуна караштуу Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин жаңы баяндамасында айтылат. Баяндамада Иран 2013-жылдын 24-ноябрында кол койгон убактылуу келишимдин шарттарын аткарып жаткандыгы белгиленген. 24-ноябрда Иран дүйнөлүк державалар менен өзөктүк курал өндүрүүнү азайтарын, ал эми өлкөгө карата айрым санкциялар жоюлары боюнча макулдашкан.

Агенттик жарыялаган бул документ Иран жана АКШ, Франция, Германия, Британия жана Орусиянын Венадагы жолугушуусу жыйынтыкталган соң бир нече сааттан кийин жарыяланды. Сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы 17-мартка белгиленди. Бул жума ичиндеги сүйлөшүүлөргө Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча комиссары Кэтрин Эштон оң баасын берди. (AiK)

XS
SM
MD
LG