26-февралга чейин күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу күчөгөнүн маалымдады. Кардын көп жаашына байланыштуу Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында сууктун күчү -20...-25 градуска чейин жетери кабарланууда. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -14 градуска чейин суук болот. Бийик тоолуу аймактарда сууктун күчү -30 градуска чейин жетет.
Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарында мал кармоону кыйындатып, автоунаа кыймылында, байланыш түйүндөрүндө, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишинде түйшүк жаратат. (SE)
Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарында мал кармоону кыйындатып, автоунаа кыймылында, байланыш түйүндөрүндө, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишинде түйшүк жаратат. (SE)