Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Крымдын өкмөт жана парламентин куралчандар ээлеп алды


Украинадагы Крым автономдук республикасынын өкмөтү жана парламентинин имаратын куралчан белгисиз адамдар ээлеп алды. Бул тууралуу “Интерфакс-Украина” маалымат агенттигине шилтеме берип “Азаттыктын” орус кызматы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, имараттарда Орусиянын желектери илинип турат.

Крым татарларынын межлисинин лидери Рефат Чубаров Фейсбуктагы баракчасына “Телефон чалып, Крымдын Жогорку Радасы жана министрлер кеңешинин имараттары аскердик формачан, куралдуу адамдар ээлеп алганын айтышты. Азырынча талаптарын айта элек” деп жазды.

Кечээ Симферополдогу Крым парламентинин алдында Украинанын жаңы бийлигинин колдоочулары менен каршы чыккандар кагылышкан. Жаңы бийликти колдоп, “Евромайдан-Крым” кыймылынын бир нече миң мүчөсү чыккан. Көпчүлүгү крым татарлары. Аларга каршы “Орус биримдиги” кыймылы баштаган орусиячыл кыймылдардын активисттери чыккан. Кагылыштан 30дан ашык адам жаракат алды.

Ал ортодо шаршембиде Орусиянын президенти Владимир Путин Батыш жана Борбордук аскер бөлүктөрүнүн даярдыгын текшерүү буйругун берген. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу автономияда жайгашкан Кара деңиз флотун коргош үчүн орус өкмөтү тийиштүү коопсуздук чараларын көрө турганын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG