Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Кыргызстанда элдин 35% нан-чай менен отурат


Бул тууралуу бүгүн КР Айыл чарба министрлигинин агромаркетинг жана азык-түлүк коопсуздук башкармалыгынын башчысы Жумабек Акылбеков журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстандагы элдин үчтөн бири нан, чай жана кумшекер менен гана азыктанат. Ошондуктан тамак-аш сапатын жогорулатуу, “Гүлазык” программасын кабыл алуу, унду жана тузду йод менен байытуу чоң мааниге ээ дейт адис. Акылбековдун маалыматы боюнча, учурда 2017-жылга чейинки тамак-аш коопсуздугу тууралуу атайын программа даярдалып жатат.
Расмий маалымат боюнча, бүгүнкү күнү Кыргызстанда ар бир адамдын нан керектөөсү жылына 115 кг болсо, иш жүзүндө бул көрсөткүч 200 кг.

Өткөн жылы БУУнун Азык-түлүк уюму Кыргызстандагы элдин тең жарымынан көбү тоё тамак жебейт деген маалымат тараткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG