Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

Ошто тендерлер коомчулуктун көзөмөлүндө өтөт


Ош шаарында мамлекеттик акчага жасалчу иштер боюнча тендерлердин ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында аларды көзөмөлдөөгө коомчулук өкүлдөрү да катышмай болду. Бул тууралуу бүгүн шаар мэри Айтмамат Кадырбаев актив менен жолугушууда айтты. Буга чейинки айрым тендерлер ачык өтпөй калганын билдирген мэр Амир-Темур кичи районундагы 90 орундуу бала бакчанын долбоору 48 миллион сомго бааланганын туура эмес деди:

- Башка фирма болсо бул суммага эки бала бакча бүткөрүп бермек. Ал ашып кетсе 30 миллион сомго бааланмак. Демек тендерге бардык фирмалар катышпай калган. Тендерлер ачык өтпөй калган.

Бирок шаар башчы тендерлерге кайсы фирмалар катышып, кайсылар катышпай калып жатканын тактап айткан жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG