Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:28

Өзбекстандан көчүп чыккан 40 үй-бүлөнүн үй-жайы жок


Коңшу Өзбекстанга карап калган Торук айылынан Жалал-Абаддын Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө соңку 7-8 жылдан бери 147 үй-бүлө көчүп чыккан. Алардын ичинен 40 үй-бүлөнүн үй-жайы жок болгондуктан ар кимдин үйүндө баш калкалоодо. Айыл өкмөттүн башчысы Аширали Маданов бул кайрылман кыргыздардын 97 баласы мектепте окуурун, 22 баласы балдар бакчасына бараарын билдирди.

Кош-Дөбө 30 чакырым жерде Өзбекстан менен чектешет. Райондук бийлик этникалык кыргыздардын үй-жай куруусу үчүн жер караштырууда. (YA)

XS
SM
MD
LG