Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Еврошаркет санкция киргизсе, Орусия жооп берет


Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүндө айтылат. Анда белгиленгендей, Орусия “санкцияларды жана коркутууларды” кабыл албайт. Эгер алар ишке ашса, Москва дагы “ жоопсуз калтырбайт”.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин бул билдирүүсү алдында Еврошаркет эгер орус өкмөтү алдыдагы саналуу күн ичинде украин бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү баштабаса, виза чектөөлөрү менен активдерди тоңдуруу өңдүү чараларды караштырарын айткан эле.

Ал эми АКШ президенти Крымдын айланасындагы соңку окуялардан улам "Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бузуу же украин элинин байлыгын уурдоо үчүн жооптуу адамдарга санкция колдонуу жөнүндө буйрукка” кол койгон. (UE)

XS
SM
MD
LG