Лавдер шаарындагы чабуулда эки аскер окко учуп, бир согушчан жок кылынганын Йемендин аскерий жетекчилиги билдирди. Оор артиллериялык куралдар пайдаланылып жасалган 8-марттагы чабуул кезде окуяга катыштыгы бар деп, Йемедин эки жараны кармалган. Йемен армиясы чабуулду “ал-Каида” уюмунун Арабия жарым аралындагы бөлүмү уюштурду деп боолгоодо. Бул топтун согушчандары Йемендин түштүгүндө өтө активдүү жана өкмөттүк мекемелерге, аскерлерге үзбөй кол салып турат.