Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Каннда кыргыз режиссерунун тасмасы көрсөтүлөт


Кыргызстандык кинорежиссер Айгүл Баканованын тасмасы Канндагы режиссерлор жумалыгын ачат. Бул тууралуу кинематография агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Баканова учурда Канндагы “Түндүк фабрика” долбооруна катышууда. Анда Дания, Финляндия, Франция, Улуу Британия, Аргентина жана Кыргызстандан келген режиссерлор төрт кыска метраждуу тасма тартмакчы. Айгүл Баканова ушу тапта даниялык режиссер Милад Алами менен бирге тасма тартууда. Аталган тасма Канндагы режиссер жумалыгында көрсөтүлмөкчү.

Лондондогу Кино мектебинин бүтүрүүчүсү Айгүл Баканованын “Жамгыр” аттуу тасмасы буга чейин 30га жакын эл аралык фестивалдарда көрсөтүлгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG