Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Аба ырайы


9-10-мартта аба-ырайы кескин төмөндөйт. Өрөөндөрдө жамгыр карга айланып, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо арбын жаашы күтүлүүдө.

10-мартта түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл кылаасында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз -1..-6,
Талас жергесинде -9...-14, күндүз -2...-7,
Баткенде түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4...-9, күндүз -4...1,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5,
Нарын облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -3...-8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -9...-14 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаап, карга айланат. Түнкүсүн -8…-10, күндүз -2…-4 градус cуук болот.

XS
SM
MD
LG