Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Ходорковский Швейцариядан туруктуу жашоого башпаанек сурады


М.Ходорковский Киевде эркиндик тууралуу лекция окуду, 10-март, 2014
М.Ходорковский Киевде эркиндик тууралуу лекция окуду, 10-март, 2014
Орусиялык мурдагы олигарх, Кремлдин башкы сынчыларынын бири Михаил Ходорковский Швейцариядан башпаанек сураганы тууралуу анын адвокаты кабарлады. Учурунда Орусиядагы “эң бай адам” саналган Ходорковский 10 жылдай түрмөдө отуруп, былтыр декабрда президенттин ырайымы менен бошотулган. Анын 2003-жылы камалып, салык төлөөдөн качкан жана көз боемочулук кылган деп айыпталышы дүйнөдө президент Путиндин негизги сынчысына каршы “саясий куугунттук” катары таанылган.

Швейцарияда Ходорковскийдин үй-бүлөсү жашайт, ал өзү түрмөдөн чыккандан бери алар менен бирге болгон. Ходорковский күндөрү Украинада жүрөт.

XS
SM
MD
LG