Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Үч-Дөбөдө тажик жарандары кыргызстандык унааны ташбараңга алды


Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди. Анын айтымында, Баткендин Үч-Дөбө айылына жакын жерде жергиликтүү тургундун унаасын тажикстандын Кожо-Ало айылынын тургундары ташбараңга алган. Унаанын айнеги талкаланган. Адам өмүрүнө зыян келген жок.

Кечээ Үч-Дөбө айылына жакын жерде тажик жарандары Ак-Сай айылынын ички жолун оңдоо үчүн келаткан техниканы киргизбей, тоскоолдук кылган. Буга нааразы болгон аксайлыктар Тажикстандын Ворух эксклавына өтө турган жолду бууп салган болчу.

Натыйжада эки тараптан 200дөй киши чогулуп, абал чыңала баштаган. Баткендин облустук бийлик өкүлдөрү Ак-Сайга барып, эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөн соң жол куруучу техника айылга киргизилген. Ошондон кийин гана топтолгондор тарап, жол ачылган. Учурда Ак-Сайдын ичи жолдору оңдолуп жатат.

Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин кабарлады.(JsA/BkA)

XS
SM
MD
LG