Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:26

Барак Обама: Крымдагы референдум таанылбайт


АКШнын президенти Барак Обама орус президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө АКШ жана эл аралык коомчулук Украинанын эгемендүүлүгүн бузуу менен жекшембиде өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген. Ал ошондой эле АКШ жана Европа Биримдиги Орусияга санкцияларды камдап жатканын кошумчалаган. Өз кезегинде Владимир Путин референдум эл аралык мыйзамдарга ылайык өткөнүн билдирген. Крымдагы референдумга катышкан калктын 95%дан ашууну Орусияга кошулууну жактап добуш берди. Крым өкмөтүнүн башчысы Сергей Аксенов чогулган элди куттуктап сүйлөдү:

- Биз муну бирге жасадык. Сиздердин эрдигиңиздер, Орусия элинин, президентинин колдоосу менен биз буга жетиштик. Биздин бул жеңишибизди эч ким тартып ала албайт. Биз сиздер менен Орусияга барабыз. Жеңишиңиздер менен куттуктаймын!

Украин өкмөтү Крымдагы референдум мыйзамсыз экендигин буга чейин билдирген. Ал ошондой эле Крым парламентин таратуу чечимин чыгарган. (AiT)

XS
SM
MD
LG