Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Атамбаев: Аксылыктардын эрдиги өзгөрүүгө жол ачкан


Аксы окуясы жана аксылыктардын эрдиги өзгөрүүлөргө жол ачып, ар бирибиздин жүрөгүбүздө атуулдук сезим ойготкон. Бул тааралуу бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Аксы окуясынын 12 жылдыгына карата кайрылуусунда айтты. Президент 2002-жылдын мартындагы окуялар "адилетсиздикке жана чыккынчылыкка, мыйзамсыздыкка жана үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы жалпы элдик күрөштүн башатына айланганын" да кошумчалады.

Кыргызстандыктарга кайрылып, Атамбаев "Аксы окуяларын эстен чыгарбоого, чындык, эркиндик жана калыстык үчүн өз жанын аябай күрөшкөн аксылык баатырларды унутуп калбоого" чакырды.

Мындан туура 12 жыл мурда, 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абаддын Аксы районунда 6 митингчи милициянын огунан каза тапкан. (RK)

XS
SM
MD
LG