Элчиликтен “Азаттыкка” тастыкташкандай, бүгүн орус элчиси Андрей Крутько маалымат жыйын өткөрүп, анда Украинагы окуялар боюнча билдирүү жасайт. Кыргызстандагы оппозициялык “Ата-Журт” партиясы Крым боюнча Орусиянын позициясын колдоого алып, Украинада куралдуу төңкөрүш болду жана бийликке радикалдуу күчтөр келди деп баалады. Партия ошондой эле кыргыз бийлиги стратегиялык өнөктөшүн колдоого албады деп, аны жаңылыштык катары баалаган. (AiT)