Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Обама: АКШ жана Европа Орусияга бирдиктүү жооп кайтарат


АКШ жана Европа Крымдагы иш-аракети үчүн Орусияны жоопко тартууга бирдиктүү иш алып барат. Бул тууралуу Америка президент Барак Обама Голландия премьер-министри Марк Рютте менен Амстердамдагы сүйлөшүүсүнөн кийин билдирди. Обама анын өлкөсү жана Европа Биримдиги Украинанын өкмөтү менен элин колдоорун белгиледи. Ал НАТОдогу союздаштары Вашингтондун дүйнөлүк аренадагы эң жакын өнөктөштөрү жана Европа АКШнын тышкы саясатында олуттуу орунга ээ экенин айтты. Гаагадагы Дүйнөлүк өзөктүк саммиттин алкагында Обама Кытайдын жетекчиси Си Цзинпин менен да жолугат.

XS
SM
MD
LG