Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Ош: Шаардык кеңеш сессиясына оппозициядагы фракция катышкан жок


Бүгүн Ошто шаардык кеңештин сессиясына «Улуттар биримдиги» фракциясы толук катышкан жок. Кабарчыбыздын айтымында, сессияга аталган фракциянын 21 өкүлүнүн экөө гана келди. Калгандары жыйынга катышпаган себебин айтуудан баш тартты.

Бирок кворум бар делип, сессия ишин улантты. Шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов депутат жыйынга себепсиз төрт жолу катышпаса, ага чара көрүлөөрүн айтты. Депутаттар күз-кыш сезонун тейлөө жыйынтыгын талкуулап, мэрия отчетун укту жана бир катар социалдык маселелерди талкуулады.

Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Алардын 23ү КСДП, "Республика", "Адилеттүү Кыргызстан", "Ата Мекен" жана "Замандаш" фракцияларынан куралган башкаруучу коалицияга кирет. Ал эми "Улуттар биримдигинин" 21 жана ЭДПКнын 1 депутаты оппозицияда. (ErN).

XS
SM
MD
LG