Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Орусия Украинанын чек арасын бузууга “эч ниети” жоктугун айтууда


Бул тууралуу бүгүн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
Ал бүгүн мамлекеттик теледеги маегинде ырастагандай, Орусияда аскер күчтөрүнө Украинанын чек арасын бузууга буйрук бергидей, “ниет дагы, кызыкчылык” дагы жок.

Орус тышкы саясий мекемесинин башчысы кошумчалагандай, украин кризиси боюнча Батыш менен Москванын ортосундагы ажырым азыр “жакындай баштады”.
Сергей Лавров бул сөздөрдү АКШ президенти Барак Обама орус президенти Путинди Украинанын чек араларынан аскерлерин алып кетүүгө кайрадан чакыргандан кийин айтты.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, өткөн түнү бир саатка созулган телефон сүйлөшүүсү учурунда Обама Путинди провакациялардан оолак болууга да үндөгөн.

Ал эми Кремлдин айтымында, Путин Обаманын көңүлүн “Украинада экстремисттердин жүрүштөрү” уланып жатканына бурду. Ошондой эле Молдованын Приднестровье аймагы “тышкы блокадага” кабылганын белгиледи.

Орусия колдогон бул жикчил чөлкөм Молдова менен Украинанын ортосунда жайгашкан. ( UE)

XS
SM
MD
LG