Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

Тимошенко Януковичтин чакырыгын айыптады


Өзүн али президентмин деп санаган Виктор Янукович кечээги билдирүүсүндө Украинанын ар бир аймагынын макамы боюнча референдум өткөрүүгө чакырган эле. Бул билдирүүнү Украинанын мурдагы премьери, алдыдагы президенттик шайлоого катышары күтүлүп жаткан Юлия Тимошенко төмөнкүчө баалады:

- Эгер бул чын эле Януковичтин билдирүүсү болсо, мурда Украинанын президенти болгон адам азыр Украинага, украин элине каршы жана Украинанын көз карандысыздыгын талкалоону максат кылган күрөштүн куралына айланганынын айныксыз далили.

Тимошенко Януковичке эртеби же кечпи кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Янукович өз билдирүүсүндө Украинадагы кырдаалга “анархия” деген мүнөздөмө берип, Региондор партиясынан аны партиянын ардактуу төрагалыгы кызматынан бошотууну жана партия мүчөлүгүнөн чыгарууну суранган. (UE)

XS
SM
MD
LG