Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:49

Карим Масимов премьер-министрликке дайындалды


Карим Масимов
Карим Масимов
Президент Назарбаев Карим Масимовду премьер-министрликке дайындаган жарлыкка кол койду. Масимов 2012-жылы президенттин аппаратын жетектегенге чейин жети жыл казак өкмөтүн башкарган.

Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов бүгүн кызматтан кетти. Ахметов президентке ыраазылык билдирип, ага көрсөткөн ишеними үчүн рахматын айтты. Премьер менен бирге анын өкмөтү дагы кызматтан кетет. Ахметов 2012-жылдын сентябрында премьерликке дайындалган. Ал кызматтан кетүү себебин ачыктаган жок.

XS
SM
MD
LG