Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Сариев: Үй-бүлөлүк башкарууга бөгөт коюлду


Апрель окуяларына 4 жыл толду. Ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, учурда экономика министри Темир Сариев "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": 4 жыл мурдагы кандуу окуялардан Кыргызстан кандай сабак алды деп ойлойсуз?

Темир Сариев: Биринчиден, 2005-жылдагы ыңкылап биз үчүн чоң сабак болду. 2010-жылы бийлик алмашканда биз жаңы Конституцияны кабыл алып, парламенттик башкаруу системасын киргизип, бардык күчтөр, бийликте, же оппозицияда турганына карабастан шайлоого бардык. 2010-жылкы октябрдагы шайлоо бардыгы үчүн бирдей болду. Ошол учурда качып жүргөндөр, бийликтен кол жууп калгандар да шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. 7-апрелде кандуу окуяга катышпагандардын баары шайлоого катыша алышты.

Экинчиден, ошондон бери төрт жыл өттү. Үй-бүлөлүк же кландык башкаруу системасына бөгөт коюлду. Анткени биз парламенттик башкаруу системасын тандап алдык.

Үчүнчүдөн, жергиликтүү бийликтерге шайлоо өткөндө да ал жерге ар түрдүү саясий күчтөр катышып, жеңип алышты. Азыркы күндөрү айылдарда, шаарларда, айыл өкмөттөрдө, айылдык кеңештерде ар түрдүү партиялардын өкүлдөрү отурат.

Мен деле угуп жүрөм, көптөр нааразы болуп жатышат. Ооба, демократияны орнотуу бир күндүк жумуш эмес. 400, 600 жылдан өйдө тажрыйбасы бар мамлекеттерде да бир топ мүчүлүштүктөр бар. Биз болсо жаңыдан гана баштадык.

"Азаттык": 7-апрелден кийин ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Ата-Бейитте ант бердиңиздер эле. Өзүңүз кандай баалайсыз, ошол антты сактай алдыңарбы?

Темир Сариев: Албетте биз ачык, таза бийлик курабыз, парламенттик башкаруу системасы болот, үй-бүлөлүк башкаруу системасынан кетебиз дегенбиз. Бул убадаларыбызды аткардык.

Экономиканын өсүштөрүнө келе турган болсок, кыйынчылыктар болуп атат. Бирок бир топ ийгиликтерге жеттик. Учурда кайсы бир тармакты бир үй-бүлө басып алган көрүнүш жок. Анын баары, тескерисинче, мамлекеттин менчигине кайтарылды. Ал эми бийликти тазалоодо анча-мынча кемчиликтер бар. Баары сонун болуп калды деп айта албайм. Кээ бир маселелерге менин да ичим жылыбайт. Бирок турмуш ушундай экен: көч бара-бара түзөлөт.

"Азаттык": Сиздин баамыңызда, апрель окуялары боюнча сот жакынкы мезгилде соңуна чыгабы?

Темир Сариев: Биринчиден, бул абдан чаташкан, чоң чыр болуп калды. Буйрук берип, аттырган адамдардын баары сыртта качып жүрөт. Алар тарых алдында да, Кудай алдында өз жазасын алышат. Ал эми мыйзам боюнча жоопко тартыла тургандарга байланыштуу сөзсүз түрдө жыйынтык чыгат деп ойлойм.

Жакында эле Курманбек Бакиевге, Марат, Максим, Жаныш Бакиевдерге өкүм чыкты. Британиянын атуулун мазактап, өлтүрөбүз деп буйрук беришип, майып кылып койгон окуя боюнча сот өкүмү чыкты. Эми биз Батышты да байкайлы. Батыш буга чейин ар кандай сөздөрдү айтып келген. Буга карата кандай мамиле жасаарын байкап туралы.

"Азаттык": Убактылуу өкмөт кылмышкерлерди өздөрү сыртка чыгарып жиберип, оперативдүү тергөөнү так аткарбай койду деген сынга макулсузбу?

Темир Сариев: Мен бул сындарга макул эмесмин. Бир гана Курманбек Бакиев жөнүндө сөз болгон. Ал эми Жаныш жана Максим Бакиевдер сыртка качып кеткен. Алар 7-апрелде жок болчу. Марат Бакиев 7-апрелде, түшкү саат 2 жарымда эле качып кеткен экен. Ал эми Жаныш Бакиев кийин качты. Ал эми Курманбек Бакиев боюнча айтсам, бул – саясий чечим болгон. Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева чечим кабыл алган.

"Азаттык": Кыргызстан учурда саясий, экономикалык, социалдык жактан чоң сыноодон өтүп жатат. Өлкөнүн алдыдагы портретин кандай көрүп турасыз?

Темир Сариев: Биринчиден, көптөр Украина, Араб жаздары кайра келет деп айтып жатпайбы. Мындан биз алгачкылардан болуп өттүк. Бир эмес, эки жолу бийлик алмашты. Биз абдан чоң сабак алдык. Ошон үчүн бүгүн парламенттик башкаруу системасында жашап жатабыз. Канчалык кыйын болсо да биз буга чыдашыбыз керек.

Экинчиден, былтыр экономиканын өсүшү 10,5% болду. Инвестициянын өсүшү 1,8% түздү. Быйыл ири долбоорлорду баштаганы турабыз. Ошонун ичинде: түндүк-түштүк альтернативалык жол, Нарын ГЭСтери, Камбар-Атанын башталышы. Эгерде биз буларды баштап алсак, Кыргызстан келечекте сөзсүз түрдө кубаттуу, өнүккөн өлкө болуп, эли да бай жашайт.
XS
SM
MD
LG