Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:32

Аваков: Чыгыш Украинадагы абал эки күндө жөнгө салат


Украинанын ички иштер министри Арсен Аваковдун билдиришинче, жикчилерди өлкө чыгышындагы облбийликтин имараттарынан чыгаруу боюнча сүйлөшүү натыйжасыз бүтсө, күч колдонулат. Ал 9-апрелде Киевде журналисттер менен болгон кездешүүдө жагдай эки күн ичинде бир жаңсыл кылынат деди. Жүздөгөн орусиячыл протестчилер 6-апрелде Донецк, Харьков жана Луганскта облбийликтин имараттарын ээлеп алышкан. Харьков обладминистрациясы 8-апрелде атайын күчтөр тарабынан бошотулган. Донецкте жикчилер күнкорсуз “элдик республика” түзүлгөнүн жарыялап, обладминистрациянын айланасын баррикадалап алышкан. 9-апрелде таң эртелеп Луганск облустук коопсуздук кызматынын кеңсесин 51 адам калтырып кеткенин Украинанын мамлекеттик коопсуздук кызматы маалымдаган.

 

XS
SM
MD
LG