Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы (ПАСЕ) Орусияны Крымды аннексиялап алганы үчүн айыптаган резолюция кабыл алды. ПАСЕ Орусияга кошулуу боюнча референдум Украинанын Конституциясын бузуу болуп эсептелээрин белгиледи. Парламентарийлер документти Страсбургдагы чукул жыйындан кийин жактырышты. Анда Орусиянын аргументтеринин бири да “фактыларга туура келбейт” деп айтылат.
"Крымды Украинадан бөлүнүп Орусияга кошулууга орус бийлиги тукурган" деп эсептейт ПАСЕ.
Ассамблея андан тышкары бийлик алмашуу Укриана үчүн демократиялык өнүгүүгө жол ачканын айтып, Киевдеги жаңы өкмөттү тааныды.
Орусиянын ПАСЕдеги делегациясынын жетекчиси Алексей Пушков резолюцияны айыптап, Орусия тышкы саясатын кайра карап чыгаарын айтты.