Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:53

Гитлердин сүрөтү бар кружкалар сатыктан алынды


Германияда эмерек чыгарган түйүн сатыктан ондогон кофе кружкаларында Адольф Гитлердин портрети бар экени аныкталгандан кийин, аларды кайра чакыртып алды. Баасы эки евролук кружкаларда Гитлердин сүрөтү жана кол жазмасы, розалар менен кооздолгон фашисттик Германиянын эски почта маркасы түшүрүлгөн.

"Цурбрүгген" эмерек түйүнү кружкаларды кайтарган кардарларга 20 еврого дүкөн ваучерин берерин кабарлады. Гитлердин сүрөтү бар 175 кружка 10-апрель күнү сатылганы маалым болду. Жалпысынан 5000 кружка чыгарылган.

XS
SM
MD
LG