Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Аскат Дукенбаев өзүнө карата каралоо күчөгөнүн билдирди


“Фридом хаустун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн долбоордук жетекчиси Аскат Дукенбаев интернетте ага карата каралоо күчөгөнүн айтып чыкты. Белгисиз бир топ анын сүрөтүн социалдык тармактарга чыгарып, “Бул адам кумса, аны Кыргызстандан кетириш керек!” деген чакырыктарды жайылтууда. Аскат Дукенбаев муну кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырып, куру доомат катары сыпаттады.

Сүрөттөр жашыруун профайлдар аркылуу жайгаштырылгандыктан, аны кимдер таратып жатканы анык эмес. Дукенбаев аларды аныктоо үчүн жакында тартип коргоо органдарына кайрыларын “Азаттыкка” билдирди:

- Алар менин сүрөтүмдү уруксатсыз пайдаланып жатканы жана мени “кумса” деп куру жалаа жапканы үчүн жооп бериши керек. Тийиштүү органдарга албетте кайрылам. Менин сүрөттөрүмдү “Одноклассники” социалдык тармагына жайгаштырып атышат. Аларды өчүрүү үчүн соттун чечими же мамлекеттик бир органдын кайрылуусу керек экен.

Аскат Дукенбаевге карата терс пикирлер 2-апрелде “Фридом хаус” уюму Ошто жарандык активисттер менен алдыдагы долбоорлорду талкуулоо үчүн чогулуш уюштургандан соң тарай баштады.

Аталган жыйынды жергиликтүү жаштар тобу сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн укугун коргогон семинар деп атап, аны өткөрүүгө каршылык билдиришкен болчу. Бирок Дукенбаев жыйындын ЛГБТ өкүлдөрүнө тиешеси жок экенин айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG