Кыргыздын улуу актрисасы Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгын белгилөө боюнча өкмөттүн уюштуруу комитети түзүлдү. Анын курамына өкмөт, жергиликтүү бийлик жана маданият тармагынын өкүлдөрү кирди.
Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлгөн. Ал театрда 30дан ашуун эстен кеткис образ, кинодо да жаркын элестерди жараткан.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү Турсунбаева 37 жашында дүйнө салган. (RK)