Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

ЕККУ өкүлү сөз эркиндиги боюнча Атамбаевге кайрылды


ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди сөз эркиндигине шек келтирген мыйзам долбоорун колдобоого үндөп, ал Башмыйзамга каршы келерин билдирди.

Миятович ошондой эле журналисттердин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам долбоору "жогорку мамлекеттик кызматкерлердин коррупцияга аралашканын ачыктоодон коргоого багытталгандай түр калтырат" деп эсептеп, "анын ишке кирүүсү акыркы жылдардагы сөз эркиндиги жетишкен ийгиликтерди артка тартат" деп белгиледи.

16-апрелде Жогорку Кеңеш "кылмыш жасаган" деп жалган маалымат таратканы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоорду экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Аны 80ден ашык депутат колдогон.

Мыйзам долбоорго ылайык, "Кылмыш-жаза кодексине" өзгөртүү киргизилип, кылмыш жасады деп жалган маалымат тараткан журналист бир жылга чейин камалат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG