Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүн өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Казакстанга иш сапар менен барды. Сапар жүрүшүндө өкмөт башчысы Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгынын орчундуу маселелери жана соода-экономикалык алаканы кеңейтүү боюнча сүйлөшүү өткөрөт. Мындан сырткары Оторбаев Астанада өтчү Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилер кеңешинин 47-жыйынына катышат. Анын алкагында Бүткүл дүйнөлүк банк, JICA, Кытай өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык финансылык институттардын жетекчилери менен жолугаары күтүлүүдө.(BkA)